[Firefox'то эмне жаңылык бар] Бул эми соңку Firefox менен барайын деген жериңерге жөнөкөйүрөөк жана тезиреек болот. Азыр сиз өзгөртүлгөн үй бети менен эң көп колдонулган меню тандоолоруна жеңил кирип жана өтө аласыз. Жүктөөлөрдөй, чөп каттардай, тарыхтай, кошумчалардай, шайкештөөлөрдөй жана тескөөлөрдөй. [Жаңы салма бети] Биз дагы сиздин жаңы салма бетиңизге жакшыртуууларды коштук. Жаңы салма бети менен, сиз эми эң акыркы жана көп кирген сайттарыңызга бир басуу менен оңой өтө аласыз. Жаңы салма бетти колдонуп башташ үчүн, сиздин браузердин үстүндөгү '+' басып, жаңы салманы жаратыңыз. Азыр эң акыркы жана көп кирген сайттарыңыздын сөлөкөттөрү сиздин даректин тарых сабынан алынып жаңы салма бетинде көрсөтүлөт. Жаңы салма бетиңизден сөлөкөттөрдүн иретин өзгөртүш үчүн, сиз аларды айланадан ташып башкачалата аласыз. Сайтты орунга бекитүү үчүн канцелярдык баскычты басыңыз, же сайтты өчүрүш үчүн 'X' баскычты. Сиз дагы бош жаңы салма бетине кайтуу үчүн, бет үстүнүн оң жагындагы 'чакмак' белгини баса аласыз. Азыр соңку Firefox'ту алып, жана ушул жаңы өзгөчөлүктөрдү бүгүн колдонуп баштаңыз!